Кыргызстан менен Түркменистан кош салыктан баш тартты

28 октября 2019, 09:47

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган.

Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиси бар бир мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу мамлекеттердин ар биринин укугун бөлүштүрүү эрежелерин аныктайт.