КР менен Венгрия өлкөсү каржы жана банк секторлорунда кызматташа баштайт

26 сентября 2019, 09:05

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз - венгрия өкмөт аралык комиссиянын биринчи жолугушуусу болуп өттү. Кыргызстан тараптан өкүлчүлүк катары экономика министрлиги Санжар Муканбетов, венгрия тараптан – Венгрия Тышкы иштер жана экономикалык байланыш министри Тамаш Менцер катышты. 

Санжар Муканбетов эки өлкөнүн мамилесин күчөтүү үчүн бардык шарттар бар экенин билдирди. 

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы  КР аймагына биргелешкен ишкана ачуу, Венгриянын  ЖОЖдоруна кыргызстандык студенттер үчүн квотанын санын көбөйтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жургүзүлдү. Андан сырткары, стандартташтыруу жана метрология, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, өнөр-жай жана айлана – чөйрөнү коргоо, каржы жана банк секторлорундагы тажрыйба алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Жыйынга маданият министрлиги, Өнөр-жай мамлекеттик комитети, Венгриянын Эксимбанк жана инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлдөрү катышышты. 
Жыйындын аягында эки тараптын өкүлдөрү тарабынан протоколго кол коюлду.