Кыргызстан менен Түштүк Корея бизнес чөйрөсү үчүн аянтча түзүшөт

28 ноября 2021, 15:40

Жакынкы арада эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү үчүн аянтча түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Мындай сунушту Министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Түштүк Кореянын президентине караштуу Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы Пак Чон Су менен жолугушууда билдирди.

Кожошев мындай аянтчанын пайда болушу бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдап гана тим болбостон, жаңы биргелешкен жана өз ара пайдалуу долбоорлорго көпүрө болуп берерине ишенет.

“Биз Корея Республикасы менен бардык тармактарда, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну бекемдөөгө багытталганбыз”, - деп баса белгиледи Кожошев.

Өз кезегинде Пак Чон Су эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргыз Республикасы кореялык инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар экономика, инвестиция, туризм, билим берүү жана илим, айыл чарба, мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү жана гидроэнергетика тармактарында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.