Кыргызстан санариптик экономикага инвестиция салат

21 ноября 2023, 12:42

Экономиканы санариптештирүү аракеттеринин алкагында Кыргызстан санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого олуттуу каражат бөлдү.

2023-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык, 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгилине Финансы министрлиги санариптик трансформация долбоорлорун ишке ашырууга 500 млн сом бөлгөн.