Кыргызстан кышында 12,1 млрд кВатт/саат электр энергия керектейт

8 декабря 2023, 11:12

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 12,1 млрд килоВатт/саат электр энергиясын колдонууну пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, керектелүүчү электр энергиясынын 90%ы гидроэлектр станциялардан иштелип чыгат.

"2023-жылга 12,1 млрд килоВатт/саат керектөө пландалууда. Анын 11 млрд 900 млн килоВатт/сааты 1-ноябрга чейин өндүрулүп чыкты, 1,9 млрд киловатт/саат Жылуулук электр борборунан өндүрүлөт. Бүгүнкү күндө ЖЭБге 2023-2024-жылга карата 650 миң тонна көмүр топтоо пландаштырылган. Казакстандын “Гефес” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзгөнбүз. Бүгүнкү күнгө карата көмүр графикке ылайык ташылып келүүдө, кечигүүлөр жок", - деди ал.