Кыргызстан Кытайдан жеңил унаалардын импортун 46 эсеге көбөйттү
Былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн 2 млрд 376 млн долларга жакын 157,3 миң жеңил унаа импорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүнчү унааларды эң активдүү жеткирүү алты өлкөдөн болгон:
- Кытай - 60 миң (+4 516%)
- Түштүк Корея – 46,4 миң (+531%)
- Орусия – 13,4 миң (+110%)
- АКШ - 11 миң (+138%)
- Жапония - 8,6 миң (+213%)
- Германия - 6 миң (+530%)