Кыргызстан менен Индиянын бизнес жолугушуусу өтөт
Келе жаткан аптада, 6-февралда “Hyatt Regency” мейманканасында кыргыз-индия B2B бизнес жолугушуусу өтөт. Бул жолугушууну “Services Export Promotion Council” аттуу индиялык компания, Индиянын Кыргызстандагы Элчилиги, Кыргызстандын Индиядагы элчили, Улуттук инвестициялык агенттик, Соода-өнөр жай палатасы уюштурууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, бизнес жолугушуунун максаты ишкерлерге индиялык жана чет элдик тажрыйбаны тааныштыруу, тажрыйба бөлүшүү жана бизнес байланыштардын тизмесин кеңейтүү. Кыргызстан-Индия бизнес жолугушуусуна төмөнкү багыттар боюнча бардык кызыктар ишкерлер, ата мекендик компаниялар катыша алат.
- IT
- Билим берүү
- Логистика
- Саламаттыкты сактоо
- Архитектура
- Мейманкана бизнеси
- Ресторандык бизнес
- Айлана чөйрө (экология)
- Туризм
- Курулуш (инженердик, машина куруу)
- Анимация студиялары
- Маркетинг жана жарнама
- Консалтинг кызматтары