Кыргызстан менен Кувейт соода-экономикалык байланыштарды кеңейткиси келет

27 апреля 2022, 12:15

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин соода, өнөр-жай палатасынын башкы директорунун орун басары Эмад Аль-Заид менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Эль-Кувейттеги элчиликтин ишмердүүлүгүнө токтолуп, экономикалык дипломатияны жана анын негизги багыттары катары Кувейт менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү милдеттерин белгиледи.

Ал Кувейтте Кыргызстандан келген тамак-аш азыктарын сертификациялоо иштеринин аякташы, эт, балык жана бал өндүрүмдөрүн жеткирүүдөгү ийгиликтүү тажрыйба, жалпысынан эки өлкөнүн жеке секторунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейгени тууралуу Кувейттен Бишкекке жана Ошко түз каттамдардын ачылганына шилтеме кылуу менен айтып берди.

Өз кезегинде башкы директордун орун басары Кувейттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк менен камсыздоону диверсификациялоо боюнча милдеттерине токтолуп, ушуга байланыштуу Кыргызстандан эт, сезондук жашылча-жемиштерди импорттоого өзгөчө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын тигүү өнөр-жайынын продукцияларына, атап айтканда, табигый жүндөн, булгаарыдан, пахтадан жана жибектен жасалган өндүрүмгө кызыга турганын билдирди.

Муну менен катар Кувейттин Соода, өнөр-жай палатасынын делегациясынын Бишкекке иш сапарынын убактысы жана азык-түлүк товарларын жеткирүүгө адистешкен бизнес чөйрөлөрүнүн жолугушуусун өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.