Кыргызстан менен Орусия өкмөт башчылары кызматташтык маселелерин талкуулашты

16 июля 2020, 11:30

Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин КР премьер-министри Кубатбек Боронов менен телефондук сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Россия Федерциясынын өкмөтүнүн расмий сайтында айтылат.

Өкмөт башчылары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында биргеликте кабыл алынып жаткан чараларды, ошондой эле пандемия менен күрөшүүдө Орусия менен Кыргызстандын иш алып баруусунун маанилүүлүгүн талкуулашты.

Ошондой эле, Михаил Мишустин менен Кубатбек Боронов Евразия экономикалык биримдигинин соода-экономикалык тармагынын алкагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин козгошту.