Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 11,7 млн долларды түздү

8 февраля 2024, 16:35

2023-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 11,7 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, былтыр Тажикстандын соода жүгүртүүсү 2,5% өскөн. Акчалай алганда ал  1,7 млрд долларды түзөт. 

Белгиленгендей, Тажикстандын негизги өнөктөшү Орусия, бул өлкө менен товар жүгүртүү Тажикстандын жалпы тышкы соодасынын 20,6%ын ээлейт. 

Ошондой эле, Борбор Азиядан эң көп Тажикстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 1,1 млрд долларды түзөт.