Кыргызстан менен Улуу Британия билим берүү боюнча кызматташтыкты кеңейтет

23 апреля 2024, 10:00

22-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги  билдирди. 

Маалыматка ылайык, эки өлкө мындан ары да соода, энергия жана климат, реформалар жана билим берүү багыттарында кызматташтыкты бекемдемекчи. 

Ошондой эле, Улуу Британия Кыргызстанда уставдык капиталы 19 млн фунт стерлинг болгон атайын фонд түзүү аркылуу аймактагы чакан жана орто бизнести колдоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди.