Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салды

16 марта 2023, 10:18

Министрлер кабинети Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди.

Тиешелүү токтомго ылайык, Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. 

Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү тапшырылды.