Кыргызстан электр энергиясынын жоготууларын 46,7% кыскартты

9 января 2023, 17:13

Энергетика тармактарындагы жоготуулар 16 жыл ичинде 46,7%га кыскарды. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитет жарыялаган “Күйүүчү май балансында” баяндамасында келтирилген.

Документте жалпы пайдалануудагы бөлүштүрүүчү тармактарда электр энергиясын жоготуулардын туу чокусу 2005-жылы болуп, жоготуулар 5,1 млрд кВт саатты түзгөнү көрсөтүлгөн. Ал эми, 2021-жылга карата жоготуулардын көлөмү 2,7 млрд кВт саатка чейин азайган.

Энергияны жоготуулардын эң төмөнкү деңгээли 2019-жылы катталган. Ал 2,5 млрд кВт/саатты түзгөн.