Киреше боюнча жылдык план 58,5 пайызга аткарылды

6 сентября 2023, 16:43

Жети айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 190,3 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматты Кыргызстандын Каржы министрлиги билдирет.

Кирешенин негизги бөлүгү, тактап айтканда 140,9 млрд сом казынага салыктык түшүүлөрдүн эсебинен берилген. Анын дээрлик 82 миллиард сому Мамлекеттик салык кызматы тарабынан, дагы 59 миллиард сому Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан өндүрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылга бекитилген республикалык бюджетке ылайык, мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен жалпы кирешелер жыл ичинде 325,1 млрд сомду түзүшү керек. Ошентип, республика жети айдын ичинде киреше алуу планын дээрлик 58,5 процентке орундатты.