Турак жайдын жеткиликтүүлүгү боюнча Кыргызстан дүйнөдө 82-орунда турат

26 апреля 2021, 09:50

Турак жайдын жеткиликтүүлүгүнүн дүйнөлүк индексинде Кыргызстан 15,5 упай менен 109 мамлекеттин ичинен 82-орунду ээледи. Мындай маалыматты numbeo рейтинг порталы берди.

Рейтингдин биринчи орундарында Сауд Арабиясы, Пуэрто-Рико, Түштүк Африка Республикасы, АКШ жана Палестина турду. Акыркы орундарда Сирия, Гонконг, Ямайка, Камбоджа жана Шри-Ланка турат.

Турак жайдын жеткиликтүүлүгү боюнча Казакстан 35-орунда, Өзбекстан 81-орунда. Орусия болсо 47-орунда.