Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 49 млрд сом бөлдү

28 декабря 2023, 17:28

Ушул жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын республикалык бюджетинен мамлекеттик тышкы жана ички карызды тейлөөгө иш жүзүндө 49 миллиард 81,3 миллион сом бөлүндү.

Каражаттын көбү - жалпысынан 28 млрд 692,7 млн ​​сом тышкы карызды жабууга жумшалды. Анын 22 миллиард 581 миллион сому карыздын негизги суммасын төлөөгө, дагы 6 миллиард 58,3 миллион сому пайыздарды төлөөгө сарпталган.

Бюджеттин ички карыз боюнча чыгашасы 20 миллиард 388,6 миллион сомду түзсө, анын 13 миллиард 943,5 миллион сому негизги карызды төлөөгө туура келген.