Кыргызстан «ТНК Дастан» ишканасынын акцияларынын контролдук пакетин сатууну көздөөдө
2020-2022-жылдарга Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын алкагында “ТНК Дастан” ААК акцияларынын мамлекеттик пакети сатыкка коюлат.
Ошентип, улутташтырылган объектилерди эффективдүү башкаруу жана тескөө программасы боюнча менчиктештирүүгө жаткан объекттердин тизмесине ылайык, “Дастан” корпорациясы” ААКнын 44.08877 пайыз жана 6.36817 пайыз акциясын эки лотто сатуу пландаштырылууда. Мына ошентип, жалпысынан акционердик коомдун 50.45694 пайыз баалуу кагаздары сатылат.
"Дастан" ишканасы менчиктештирилген объекттердин катарына киргенине карабай мамлекет аны сатпайт. Бул тууралуу "Акчабарга" Маммүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан бакиров билдирди.