Кыргызстан Катарга экспорттун көлөмүн көбөйтөт

4 ноября 2019, 13:10

КР Катардагы элчиси жергиликтүү компаниялар менен айыл-чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жолугушуу Доха шаарында  эл аралык «Жибек жол» көргөзмөсүндө өтөт, деп билдирди ТИМ. 

Кыргызстандын ишкерлери балдын түрлөрүн, кургак мөмө-жемиштерди жана жаңгактарды  «Виладж» соода борборунун аянтында көргөзмөгө коюшту.