Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 22,2 млрд сом жумшады
Быйыл жети айда Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызын тейлөөгө 22 млрд 169,3 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул акчанын көбү тышкы карызга – 15 млрд 218,2 млн сом, дээрлик 69% түздү. Себеби, өлкө олуттуу сумманы, 11 млрд 671,1 млн сомду негизги карыз боюнча, пайыздар боюнча 3 млрд 522,5 миң сом төлөөдө.
Кыргызстан ички карызды тейлөөгө 6 млрд 951,1 млн сом жумшаса, анын 2 млрд 977,6 млн сому негизги карызга, дагы 3 млрд 973,5 млн сому пайыздарга туура келген.