Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 11,6 млрд сом бөлдү
Январь-апрель айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 11 миллиард 643 миллион 284 миң сом бөлүндү. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.
Анын ичинен республиканын тышкы карызын төлөөгө 8 миллиард 587 миллион 641,9 миң сом, дагы 3 миллиард 55 миллион 642,1 миң сом ички карызды төлөөгө бөлүнгөн.
Кошумчаласак, апрель айында карызды жабууга 4 миллиард 56 миллион 684 миң сом бөлүнгөн.