Кыргызстан Чыгыш Африка өлкөлөрүнө экспортту көбөйттү

19 февраля 2024, 10:03

2023-жылы Кыргызстан Африка өлкөлөрүнө товар экспорттоо көлөмүн 2022-жылдагы 2 млн 510,6 миң доллардан 6 млн 672,6 миң долларга чейин көбөйткөн. Нарктык мааниде өсүш 165,8% түздү. Мындай жыйынтыкты Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

Экспорттун өсүшү дээрлик бардык Африка өлкөлөрүнө белгиленди. Бирок эң көп Эфиопия (+2 миллион 65,1 миң доллар), Маврикий (+1 миллион 155 миң доллар), Уганда (+1 миллион 153 миң доллар), Судан (+93,2 миң доллар) жана Кенияга (+86,3 миң доллар) экспорттолгон.

Ал эми Египет, Ливия, Мозамбик жана Алжирге экспорттолгон товарлар кыйла азайган. 

Белгилеп кетсек, Африкадан импорт, тескерисинче, дээрлик 4 эсе азайып, 2022-жылдагы 47,8 млн доллардан былтыр 12 млн долларга чейин кыскарган.