Кыргызстан чет өлкөлөргө инвестициянын көлөмүн көбөйттү

28 декабря 2023, 16:00

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө түз инвестициялардын динамикасы мүчө мамлекеттерде ар кандай болгон. Мындай тенденцияны Евразиялык экономикалык комиссиянын талдоочулары белгилешүүдө.

Алсак, Армения чет өлкөлөргө инвестицияны 40%га, Казакстан 51%га, Беларусия 2 эсеге, Кыргызстан 1,5 эсеге кыскарткан. 

Арменияда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн ЕАЭБ өлкөлөрүнө түз инвестициялар азайды (58%га). Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда түз инвестициянын агымы тиешелүүлүгүнө жараша 21%, 38% жана 80%га өскөн. Орусияда мурда алынган тике инвестициялардын агылып чыгуусу уланган.