Ногойбаев: Кыргызстанда юристтер менен экономисттер көп

29 ноября 2022, 13:57

Кыргызстан студенттердин билим алуусу үчүн квоталарды натыйжасыз пайдаланып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында миграция боюнча кеңештин өкүлү Улан Ногойбаев билдирди.

Ал Орусия акырындап Кыргызстандан келген студенттер үчүн акысыз билим алуу үчүн квоталардын санын көбөйтүп жатат. Бүгүнкү күндө квоталардын саны 700.  

Учурда Орусияда 8,5 миңдей кыргызстандык билим алууда. 

“Көбүнчө алар экономист, юрист жана IT адистиктерине окушат. Бизге, албетте, IT адистери керек. Бирок, бизде азыртан эле юристтер, экономисттер көп”, — деди Улан Ногойбаев.

Ошондой эле, ал Кыргызстанда жетишсиз адистердин тизмеси менен тааныштырды. Бул тизмеге дарыгерлер, өнөр жай кызматкерлери, агроөнөр жай инженерлери, мугалимдер жана башкалар кирет.