Кыргызстан ЕАЭБде инфляциянын деңгээли боюнча экинчи орунда
Быйыл ноябрда өткөн айга салыштырмалуу Беларустан тышкары, ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтери жогорулаган. Инфляциянын деңгээли эң көп 1,4% менен Казакстанда катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Казакстанда быйыл ноябрь айында өткөн жылдын декабрынан айырмаланып, экономиканын керектөө секторунда 18,9% инфляциянын эң жогорку деңгээли тамак-аш азыктарына (анын ичинде алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына) 23,4%га чейин кымбаттаган. Азык-түлүк эмес товарлар 17,8%га, кызмат көрсөтүүлөр 13,5%га көтөрүлгөн.
Кыргызстанда быйыл ноябрда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу инфляциянын деңгээли 13,5% түздү. Өткөн айга салыштырмалуу керектөө баалары 1,3%га өскөн. Өсүү кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын наркынын өсүшү менен байланыштуу.
Орусияда жана Арменияда инфляция тиешелүүлүгүнө жараша 11,1% жана 7,2% түздү.
Ошол эле учурда, 2022-жылдын ноябрь айында Белоруссияда инфляция 1,1% төмөндөгөн.