Кыргызстандык ишкерлер Орусиянын тармактык соода өкүлдөрү менен жолугушту

4 декабря 2019, 12:27

Бүгүн, 4-декабрда Кыргызстандын жеңил өнөр-жай ишканаларынын өкүлдөрү менен Орусиянын 26 тармактык соода өкүлдөрү менен алгачкы жолу В2В-жолугушуусу  болду. 

Жолугушууга Россиянын 26 кичи жана орто тармактык магазиндердин өкүлдөрү жана Кыргызстандын 50 жеңил өнөр жай ишканасынын өкүлдөрү келишкен. 

Андан сырткары, иш-чарага өнөр-жай, энергетика жана кайра иштетүү Мамлекеттик комитеттин башчысы Фатима Садамкулова, «Легпром» Ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов, Россия-Кыргыз фондунун жана Орусиянын медихолдинг өкүлдөрү катышышкан.