Кыргызстан пандемиядан кийин биринчи ирет Кытайга бал экспортун жандандырды

16 ноября 2022, 17:45

Быйыл ноябрь айында бал жана бал азыктарын Кыргызстандан Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Эми Кыргызстандын жана Кытайдын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын реестрине кирген жана 5G ветеринардык-санитардык паспорту бар ишканалар экспортко чыга алат.

Эске салсак, 2019-жылы Кытай Эл Республикасына бал жана бал азыктарын экспорттоо пандемияга байланыштуу токтотулган.