Кыргызстан Ооганстанга гумжардам жеткирди

24 сентября 2021, 10:00

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Гуманитардык жардам Ооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн өкүлдөрүнө расмий түрдө тапшырылды. Кыргыз делегациясын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жетектеди.

Мындан тышкары, Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.