Пакистан менен Индиянын жарандарына виза берүү шарттары кайра каралат

3 сентября 2021, 09:18

Коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргызстан Пакистандын, Индиянын жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарына туристтик виза берүү шарттарын кайра карап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тактап айтканда, чакыруучу тараптын жоопкерчилиги астында виза берүү маселеси бизнес визаларга окшоштуруу менен иштелип жатат.

Учурда "Электрондук виза" порталында виза алуу процессин өзгөртүү боюнча техникалык иштер жүрүп жаткандыктан, порталда виза алуу боюнча өзүн-өзү тейлөө функциясы убактылуу токтотулду.