Кыргызстан 250 млн сом ички карызын төлөдү
Кечээ, 15-февралда Кыргызстан 250 миллион сом ички карызын төлөдү. Мындай маалыматтар мамлекеттик казына облигациялары жайгаштырылган күнүмдүк статистикада берилген.
Тактап айтканда, өлкө 2021-жылдын 12-февралында Каржы министрлиги тарабынан жайгаштырылган 2 жылдык казына милдеттенмелери аркылуу 250 миллион сом төлөдү. Акча жылына 7,49%, купондук чен 5% менен тартылган.
Белгилей кетсек, алгач Каржы министрлиги 200 миллион сомго 2 жылдык облигацияларды жайгаштырууну пландап, бирок суроо-талап сунуштан ашып кеткен. Мекеме аны жарым-жартылай канааттандырууну чечти.
Кошумчалай кетсек, 15-февралга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана улуттук валютадагы ички карызы 90 миллиард 640,2 миллион сомду түзөт.