Кыргызстан мамлекеттик эки жылдык облигациялар боюнча милдеттенмелердин бир бөлүгүн төлөдү
Кыргызстан мамлекеттик эки жылдык казына облигациялары боюнча 200 миллион сом карызын төлөдү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Бул эки жылдык мамлекеттик облигациялар 2020-жылдын 16-октябрында жайгаштырылган. Алардан киреше жылдык 7,5% түздү.
Кошумчалай кетсек, өлкөнүн казыналык милдеттенмелер боюнча ички карызы 20-октябрга карата 83 миллиард 500 миллион 589,8 миң сомду түзсө, анын 3 миллиард 156 миллион 239 миң сому эки жылдык облигацияларга туура келет.