Кыргызстан тоңдурулган этти импорттоо үчүн жеңилдиктерди алды

10 февраля 2023, 09:35

Айыл чарба министрлиги ЕЭК Кеңешинин “Эттин айрым түрлөрү боюнча Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечимине кол коюлгандыгын билдирди.

Кеңештин чечими менен 2,5 миң тонна тоңдурулган уй этине импорттук бажы алымдарынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдиктерди берүү каралган.

Кеп эт азыктарын өндүрүү үчүн, башкача айтканда, өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн алынып келинген эт жөнүндө болуп жатканы белгиленген. 

Тарифтик жеңилдиктер ушул жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин күчүндө болот.