Кыргызстан «ЭКСПО-2023» көргөзмөсүнө расмий чакыруу алды

16 августа 2021, 13:30

 

Элчи Абдалла Ахмед Абдалла Салех Аль-Сулайти айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго "ЭКСПО-2023" эл аралык көргөзмөсүнө расмий чакыруу тапшырганын мекемеден билдиришти.

Көргөзмө 2023-2024-жылдары Катардын Доха шаарында өтөт. 

Маалым болгондой, Катар Кыргыз Республикасынан органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоого кызыкдар.

"Кыргызстанда Катар мамлекетине экспорттоо үчүн органикалык айыл чарба продукциясынын жетиштүү көлөмү бар, айрыкча бал менен эт", - деди Аскарбек Жаныбеков.