Кыргызстан бюджетти толтуруу үчүн дагы насыя алат

16 декабря 2021, 09:03

ЕАӨБны Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду декабрда Кыргызстанга өзгөчө жардамдын алкагында 5 млрд 950 млн сом насыя бөлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каражат республикалык бюджеттин тартыштыгын жабууга багытталат.

Эске салсак, декабрь айында эле Россия Кыргызстанга бюджетти колдоо үчүн 837 млн 808 миң сом грант бермей болгон.