Турция өнөр—жай куруу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшөт

26 сентября 2019, 10:43

Кыргызстандын Турциядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Турция Республикасынын өнөр-жай жана технология министри Мустафа Варанк менен өнөр-жай жана технология тармагындагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. 

Турциянын өнөр-жай тармагындагы кенен тажрыйбасын эске алган Кубанычбек Өмүралиев ТР өнөр-жай министрлигине Кыргызстанга заманбап технологиялар менен өнөр-жай аймагын куруу боюнча жардам берүүнү суранды. 

Турция тарап кыргыз өкүлчүлүктөрүн Анкара шаарындагы  кайра иштетүү өнөр-жай Технопаркы менен тааныштыруу боюнча сунуштарын билдиришти.