Россиялык компаниялардын эл аралык диверсификацияланган бизнес миссиясы Кыргызстанга келет

8 ноября 2021, 14:15

Кыргызстанга 10-12-ноябрда россиялык компаниялардын эл аралык диверсификацияланган бизнес миссиясы келет. Россиянын 70ке жакын алдыңкы компаниялары келет. Бул тууралуу кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.

Фонддун маалыматына караганда, иш сапардын алкагында Орусия менен Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн жолугушуусу болот. Иш-чара энергетика, айыл чарба, машина куруу, ресурс үнөмдөөчү тармактарды өнүктүрүү, санариптик технологиялар жана коопсуздук тармагында иштеген россиялык жана кыргыз компанияларынын ортосундагы мамилелерди орнотуу үчүн аянтча болуп калат.

"Жолугушуунун максаты - россиялык өндүрүшчүлөрдүн продукциясын Кыргыз Республикасында жайылтуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү", - деп билдирди өнүктүрүү фонду.