Кыргызстан Европа жана Азияга 800 миң тоннадан ашык көмүр жеткирди

12 октября 2022, 12:59

Кыргызстан быйыл Европа өлкөлөрүнө – Румыния, Польша, Латвияга көмүр жеткире баштады. Ошондой эле Кыргызстандан кара отун Кытай, Түркия, Грузияга кетет. Маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-август айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстан таш көмүрдү жеткирүүнү 25,3%га, ал эми күрөң көмүрдү экспорттоону 22%га көбөйткөн. Экспорттун жалпы көлөмү 394,3 миң тонна таш көмүрдү жана 431,7 миң тонна күрөң көмүрдү түздү.

Кыргызстандын көмүрүнүн негизги сатып алуучусу былтыркыдай эле Өзбекстан. Бирок сатып алуучулардын арасында Европа Биримдигинен жана Азиядан жаңы өнөктөштөр пайда болду.

Белгилеп кетсек, таш көмүрдүн экспортунун көлөмү 2022-жылы 14 млн долларды, күрөңү – 12,9 млн долларды түзгөн.