Кыргызстан Японияга 400 тонна бал жөнөтөт

11 августа 2022, 12:02

Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишим Sojitz соода компаниясынын катышуусу менен Japan style компаниясы менен Yamada Bee Company Group ортосунда түзүлдү.

Компаниялардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал Японияга бир нече этап менен жеткирилет. Жакында 20 тонналык биринчи контейнер экспорттолот.

Маалым болгондой, 2021-жылы ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө жеткирүү алкагында Японияга 25 миң 390 миллион сомдук 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы – 8,3 тонна, 2019-жылы – 13,4 тонна, 2020-жылы – 15,7 тонна).