Кыргызстан ИДӨнүн дээрлик 3%ын саламаттыкты сактоого жумшады

2 января 2023, 18:00

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, мамлекеттик бюджеттин саламаттыкты сактоого кеткен чыгашасы ИДӨгө карата 2,9%ды түздү. 

Ошол эле учурда Россия ИДӨнүн 3,9%, Казакстан 2,7%, Армения 2,3% жумшаган.

Кыргызстанда 2021-жылы саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтарда иштегендердин үлүшү жалпы жумушчу күчүнүн 4,2% түздү.