Кыргызстан Түштүк Кореяны жол курууга инвестиция тартууга чакырды

2 декабря 2021, 09:45

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбей Осоев Корея Республикасынын Президентине караштуу Түндүк Экономикалык Кызматташтык боюнча комитеттин төрагасы Пак Чон Су жетектеген делегациясына автомобиль жолдорун, темир жолдорду жана автомобиль туннелдерин куруудагы долбоорлорду сунуштады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Атап айтканда, "Бишкек шаарынын айланма жолун реконструкциялоо" долбоору сунушталды. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси Алматы – Кордай – Бишкек – Кара-Балта – Чалдовар – Тараз – Ташкент эл аралык транзиттик коридорун түзүүдө негизделген принциптерге жана жоболорго негизделген.

Ошондой эле, "Бишкек-Ош автожолуна альтернативдик автомобиль тоннелинин курулушу долбоору", "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу долбоору", Түрксиб-Балыкчы темир жол тилкесин электрлештирүү" презентацияланды.

Делегациянын башчысы Пак Чон Су автожолдорду, туннелдерди жана темир жолдорду курууга адистешкен түштүк кореялык көптөгөн компаниялардын бул долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди. Ал кореялык инвесторлордун Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууларын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.