Кыргызстан кошумча 12 өлкөгө визасыз кире алат

9 октября 2019, 10:15

ЖК депутаты Дастан Бекешов демилгелеп чыккан республиканын аймагы аркылуу транзиттик жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча суроолорду бизнести өнүктүрүү жана инвестиция кеңешинин мүчөлөрү карап чыгышты. 

Учурда бул суроонун үстүндө ТИМ иштеп жатканын маалымдалат. 

«Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз 64 өлкөгө кирүү сунушу каралууда. Андан сырткары, эки тарапка тең учакка билет алуу шарты менен 5 күнгө чейин 82 өлкөгө визасыз кыска мөөнөткө кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрү күтүлөт. Ал эми Европага Шенген визасы жана АКШга башка виза керектелет», — деп билдирет ТИМ. 

Эске сала кетсек, «Кыргызстанга визасыз 60 күнгө кирүүгө  мүмкүн болгон» мыйзам долбоору 2012 – жылы кабыл алынган. Алгач тизмеге 44 мамлекет кирген, 2013 – жылы тизмекке дагы бир мамлекет кошулган. Жеңилдетилген виза режиминин мөөнөтү 2020 – жылга чейин берилген, бирок парламент аталган мөөнөттү 2025 – жылга чейин узартып, мамлекеттин санын 52ге чейин көбөйткөн.