Кыргызстан EXPOTRAVEL-2019 көргөзмөсүнө катышты

18 октября 2019, 11:45

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдук кызмат Эл аралык туристтик EXPOTRAVEL-2019 көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Иш-чарага туристтик тармагындагы ишкерлер катышкан. Анын ичинен Орусиянын 14 регионунан жана 11 чет элдик мамлекеттерден Чехия, Болгария, Италия, Турция, Грециядан келишкен. 

Кыргызстан көрсөтмө аянтчада улуттук колориттеги сувенирлер, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу  жарнамалык буклеттер менен көрсөтүлдү. Көргөзмөнүн катышуучуларына Кыргызстандагы туризм тууралуу, туристтик маршруткалардын өзгөчөлүктөрү жана Кыргызстандын лыжа базалары тартууланды.