Кыргызстан карыздын мөөнөтүн узартуу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү улантууда

3 декабря 2020, 09:10

Кыргызстан Кытай менен карыздын мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвень  менен болгон жолугушуусунда маалым болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев  Элчинин көңүлүн өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын оорчулугун жеңилдетүүдө жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө бурду.

Андан сырткары, Казакбаев эки өлкө ортосундагы жүк ташуу калыбына келтирилет деген ишенимин билдирди.