Кыргызстанда металл өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөн

18 июня 2019, 11:10

Кыргызстанда май айында «Кумтөр» менен электр өндүрүү тармагын кошпогондо 19 млрд 905 млн сомго товар өндүрүлгөн. Бул былтыркы жылдын май айына салыштырсак,  анда 20.8%  болуп  16 млрд 606 млндон жогорулоо бар. 

Улуттук статкомдун маалыматына таянсак өндүрүлгөн продукциянын көп көлөмү  кайра иштетүүгө туура келип– 16 млрд 717 млн 628 миң сом болгон. Анын ичинде металл өндүрүү (анда машина өндүрүү каралган эмес) 10 млрд сом алып келсе,  металл эмес пластик, желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүүдөн – 2 млрд киреше алынса, азык-түлүк өндүрүү - 1.7 млрд жеткен.