Кыргызстанда фармацевтикалык продукциянын 3% гана өндүрүлөт

19 января 2023, 10:17

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Фарма Нур” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышып, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктардын жетекчилерин ата мекендик фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө жигердүү колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилеп кетсек, импорт жергиликтүү фармацевтикалык рыноктун 97%ын, ата мекендик өндүрүш болгону 3%ды түзөт. 

“Ишкерлерди коргоо жана колдоо боюнча мамлекет башчысы кол койгон жарлыктар жана мыйзамдар бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга жагымдуу шарттарды түзөт”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Ишкерлер белгилегендей, учурдагы динамиканы сактоо менен “Фарма Нур” фармацевтикалык компаниясы 2027-жылга чейин рыноктун 35% га чейин ээлөөнү пландаштырууда. Азыр ишкана каражаттын тартыштыгынан фармацевтикалык өнүмдөрдүн 4 гана түрүн чыгарат. Чындыгында ишкананын ар кандай медициналык препараттардын 30га жакын түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.