Кыргызстан ЕАЭБде сүттүн 3,3%ын гана өндүрөт

10 августа 2023, 10:55

Ушул жылдын январь-июнь айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө сүт өндүрүү көбөйдү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Жалпысынан 25 миллион 87,7 миң тонна өндүрүлгөн. Анын ичинен:

  • Армения – 344,5 миң тонна;
  • Белоруссия — 4,1 миллион тонна;
  • Казакстан — 3,2 миллион тонна;
  • Кыргызстан – 816,7 миң тонна;
  • Россия – 16,6 млн.

Муну менен Россия эң ири өндүрүүчү болуп, рыноктун 66%ын, ал эми Кыргызстан 3,3%ын гана ээледи.

Эске салсак, жакында Кыргызстанда бул тармакка олуттуу көңүл бурула баштаган. Өлкөдө сүт тармагын өнүктүрүү үчүн Финансы-кредит фонду жеңилдетилген насыяларды берип жатат. 1-августка карата 366 ишкер 132,3 миллион сомго каржыланган.