Ички карыз мамлекеттик облигацияларга 16,3% менен жайгаштырылды

27 февраля 2024, 13:51

26-февралга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларына жайгаштырылган карызы 139 миллиард 459,6 миллион сомго бааланды. Мындай маалыматты республиканын Улуттук банкы билдирди.

22-февралга салыштырмалуу 1 миллиард 313 миллион сомго өсүү бар. Бул Кыргызстандын ички карызын 7 жылдык мамлекеттик облигацияларга жайгаштыруу менен шартталган.

Алсак, 22-февралда Каржы министрлиги 1 миллиард 13 миллион сомдук облигацияларды жайгаштырса, 26-февралда кошумча 300 миллион сомдук облигацияларды (план 350 миллион сом) жайгаштырды.

Кошумчалай кетсек, алгач 22-февралда Каржы министрлиги 7 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруудан 1 миллиард сом алууну көздөгөн. Бирок суроо-талап 213 миллион сомго көп болуп чыгып, натыйжада мекеме 1 миллиард 13 миллион сомго болгон суроо-талапты канааттандырган. 7 жылдык баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 16,3%ды түздү.