Кыргызстан баалуу кагаздарды 310 млн сомго жайгаштырат

19 мая 2021, 09:18

21-майда эки жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион болот, деп билдирди Улуттук банк.

Чыгаруунун жалпы көлөмү 250 миллион сомду түзөт. Баалуу кагаздар үчүн купондун чен өлчөмү 5% ды түзөт.

Ал эми 20-майда 60 миллион сомго 12 айлык мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт.