88 % кыргызстандыктар: Россия КР экономикалык башкы өнөктөшү

17 февраля 2020, 11:00

Эл аралык республикалык институт (IRI) 2019 жылдын 21-ноябрынан тарта  3-декабрына чейин Кыргызстандын бардык ргеиондорунун жашоочуларынан сурамжылоо жүргүзгөн.  Сурамжылоого 1483 кыргызстандык катышкан. 

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, кыргызстандыктардын 88% өлкөнүн экономикалык башкы өнөктөшү катары - Россия Федерациясын айтышкан. 95 % жаран Россия менен болгон Кыргызстандын мамилесин  «жакшы» деп билдиришкен. 

Андан сырткары, Казакстан менен -  80 %, Турция менен - 65 %, Өзбекстан менен - 64%, Европалык союз менен - 62%, Кытай менен - 55%  жаран Кыргызстандын мамилесин «жакшы» деп билдиришкен. 

2018 - жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн изилдөө менен салыштырганда, Кыргызстандын экономикалык союзга киргенин, катышуучулардын  50% «бир кыйла жакшы»  деген пикирлерин айтышкан. Ал эми 2018-жылы бул пикирге жарандардын  45 %  кошулган.