Кыргызстан жылуу кийимдердин экспортун кыскартты

4 сентября 2023, 09:01

Кыргызстан жылуу кийимдерди экспорттоону 2,3 эсеге кыскартты. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Алсак, былтыр жарым айда Кыргызстандан 3 миллиондон ашык пуловер жана свитер жөнөтүлгөн болсо, быйыл экспорттун көлөмү 987,2 миң жемпирди түздү.

Нарк жагынан алганда көлөм 80%га азайган, башкача айтканда 3 млн 279 миң долларлык продукция экспорттолгон.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынан жылуу кийимдерди негизги импорттоочулар Россия жана Казакстан болуп саналат.