Кыргызстан Евразия товар бөлүштүрүү системасына кошулду

22 августа 2021, 12:00

Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкынын Евразия товар бөлүштүрүү системасынын концепциясын калыптандыруу ишине кошулганы аталган банктан маалым болду.

Тиешелүү меморандумга Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында ЕӨБнын коллегиясынын төрагасы Николай Подгузов жана Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков кол коюшту.

Тараптар ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыктын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон жардам боюнча макулдашышкан.